Бүгүн ӨКМнын Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Турдубек Ажыбаев 2014-жылдын 9 айында аткарган иш-аракеттери жөнүндө министр Кубатбек Бороновго маалымат берип жатып быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бийик тоодогу 300гө жакын көл изилденгенин билдирди.
Анын ичинен 29 көлдүн 1-2-даражадагы кооптуулугу байкалган. Коркунучтуу көлдөрдү изилдөөгө жана сифондук жабдыктарды орнотууга 7 жолу тик учак менен учуп чыгуу уюштурулган.
Изилдөөлөрдүн негизги максаты болуп бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү даражаларын аныктоо жана тоолуу өрөөндөрдө жашаган калкты мүмкүн болгон бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун алдын ала эскертүү эсептелди.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында учурда 1-2-даражадагы жырылып кетүү коркунучундагы өрчүү баскычында болуп төмөндөгү көлдөр эсептелет:
- Талас облусунда - 1 көл;
- Чүй облусунда - 8 көл;
- Ысык-Көл облусунда - 8 көл;
- Нарын облусунун аймактарынын изилденген бөлүгүндө - 5 көл;
- Ош облусунда – 5 көл;
- Баткен облусунда – 2 көл.
"Адыгене мөңгү-көлүнүн коркунучун азайтуу максатында Кыргыз Республикасында биринчи жолу сифондук ыкма колдонулду. Керектүү жабдыктар 2014-жылдын 14-августунда орнотулуп, 2014-жылдын 26-сентябрына чейин иштеди. Көлдүн деңгээли 1,3 м төмөндөгөндөн кийин көлдөн агып чыккан суу токтоду. Сифондук ыкманы мындан ары колдонуу тереңдетип окуп үйрөнүүнү жана өркүндөтүүнү талап кылат экен”,- деди Ажыбаев.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов сифондук ыкманы колдонуп, бийик тоолордогу көлдөрдүн көлөмүн азайтып, коркунучту жоюу тажрыйбасын мындан ары да кеңири колдонууну жана бул боюнча кандай маселелер болсо, министрлик аларды жоюуга даяр экендигин кошумчалады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 5-ноябрда билдирди.