КРнын Футбол федерациясы менен Катардын Футбол ассоциациясынын ортосунда кызматташтык боюнча келишим түзүлдү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Катар тарап Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду дүйнөлүк стандартка жооп берген абалда жарыктандырууга техникалык көмөк көрсөтмөкчү. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бул демилге иш жүзүнө ашкан соң, аталган стадиондо кечкисин эл аралык беттештерди кабыл алуу мүмкүн болуп калат. “Бул стадиондо алдыда футболдук оюндар гана эмес, башка спорт түрлөрү боюнча да мелдештер өтө баштайт. Андыктан бул футбол жаатында гана жасалып жаткан иш эмес” деп белгиленет маалыматта.