“Дордой” Кантта “Абдыш-Атага” утулганына карабай расмий түрдө футбол боюнча өлкө чемпиону аталды

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек жана Кочкор-Ата шаарларында футбол боюнча өлкө биринчилигинин акыркы турлары болуп өттү. Кантта бишкектик “Дордой” конокто канттык “Абдыш-Ата” менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңилүүгө туш болду. Ал эми Кочкор-Ата шаарында өткөн беттеште “Нефтичи” куршабдык “Алдиерди” кабыл алып, 1:0 эсебинде утуп алды. Бул жеңилүүгө карабай “Дордой” топтогон упайларынын негизинде расмий түрдө чемпион аталды. Бишкектик клуб бул жолку жеңиши менен өз тарыхында 9-ирет чемпиондук кубокко ээ болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан