Акыркы суткада өлкө аймагында 17, анын ичинен кичинекей балдардын шоктугунан 4 өрт кырсыгы катталган

Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы, анын ичинен кичинекей балдардын шоктугунан улам 4 өрт кырсыгы катталган. Аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. 

Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 3 тонна чөп күйүп кеткен. Өрттүн чыгышына үй ээсинин 4 жаштагы уулунун от менен ойногону себеп болгон. Ноокат районундагы үйлөрдүн биринде короодогу 30 боо жүгөрү сабагы күйүп кеткен. Өрт 5 жаштагы үй ээсинин уулунун шоктугунан улам келип чыккан. Ал эми Кемин районундагы Ак-Бекет айылындагы үйлөрдүн биринде короодо жыйылган 150 түк чөп күйгөн. Ага 2008-жылкы үй ээсинин уулунун от менен ойногону себеп болгон. Ошондой эле аталган райондун Островский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 1 тонна чөп, 2 тонна тезек күйгөн. Өрттүн келип чыгуусу дагы да үй ээсинин 2005-жылкы уулунун отко карата шоктугунан улам болгон.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан