Месси Чемпиондор Лигасында 71 гол киргизип, Раулдун рекордун кайталады

“Барселона” футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 4-турунда “Аякстын” дарбазасына 2 гол киргизди. Бул голдорду эсепке алганда Мессинин аталган лигада киргизген голдорунун саны 71ге жетти. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Месси менен “Реалдын” экс-чабуулчусу Раулдун эсебинде эми 71ден гол болду. Рауль карьерасын жыйынтыктаганына байланыштуу Мессинин бул рекордду жакында жаңылоосу күтүлүүдө. Ошол эле учурда “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналдунун эсебинде да 70 гол бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан