Миллиардер Тимченконун ишин Нью-Йорк штатынын прокуратурасы кароодо

Кошмо Штаттардын прокуратурасы дүйнө жүзү боюнча 35 өлкөдө нефть компаниясы бар “Gunvor Group” аттуу швейцариялык компаниянын жетекчиси, орусиялык миллиардер Геннадий Тимченко “акчанын изин жашырган" деп айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, тергөө иштерин Нью-Йорк штатынын прокуратурасы менен АКШнын Юстиция министрлиги жүргүзүүдө. Прокуратура "Г.Тимченкого тиешелүү “Gunvor Group” аталыштагы швейцариялык компания “Роснефттен” мунай сатып алып, аны үчүнчү тарапка кымбат баада саткан" деген маалыматты иликтөөдө.

Буга чейин "Геннадий Тимченко Владимир Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген олигархтардын бири" деп айтылып келген. Ал эми В.Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков анын Г.Тимченко менен эч кандай каржылык байланышы жок экенин айтып чыкты.

Айрым маалыматтарга ылайык, Г.Тимченко Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкцияга туш болгон адамдардын башында турганы айтылууда. Ошондой эле “Gunvor Group” ишканасы акыркы эки жылдан бери “Роснефттен” мунай сатып ала электигин маалымдаган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан