Кантта өз апасын сабап салган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аймактык милиция бөлүмүнө 1941-жылы туулган тургун кайрылган. Анда ал 50 жаштагы баласы мас абалында аны сабаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары жабырлануучунун уулу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.