Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору болуп Эдил Касенов дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Э.Касенов бүгүн, 6-ноябрда аталган башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырылды. Ал 2010-жылдан тарта КРнын Грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти болуп саналат. Ошондой эле бир катар спортчуларга көмөк көрсөтүп келет.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгын Болот Сулайманов башкарган. Анын кызматтан алынганы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун оңдоп-түзөө иштери убагында бүтпөгөнү менен байланыштуу экени айтылган.