Бүгүн, 7-ноябрда эртең менен Бишкектин Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Анда Мерседес жана БМВ үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен эки унаанын алдынкы бөлүктөрү жабыркаган. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Ошондой эле айдоочулар ич ара бир пикирге келишип, жол кырсыгы боюнча жол-кайгуул кызматкерлерине кабарлашкан эмес.