ЖКнын мурдагы депутаты Токон Мамытовдун ордуна депутат болууга Нуркамил Мадалиев катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Айта кетсек, 18-январда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Токон Мамытов КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалган.