7-10-ноябрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 8-ноябрда билдирди.
Ошондой эле аталган министрлик 7-10-ноябрда күтүлүп жаткан катаал аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, автоунаа, байланыш түйүндөрү, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши да кыйындаарын эскертти.