Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, кечээ, 7-ноябрда саат 08:30дан бүгүн 08:30га чейин республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкектин Ак-Тилек жаны конушунун Кырк-Чоро көчөсүндөгү үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен үй эмеректери күйгөн. Тилсиз жоо электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам келип чыкканы белгилүү болду.