"Ош облусунун тургунуна бычак сайган" деп шектелип 2 жаран кармалды

"Ош облусунун тургунуна бычак сайган" деп шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн, 8-ноябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Кара-Суу районунда болгон. Анда жабырлануучу мал базардан чыгып келе жатып, жуунуп алуу үчүн унаа жуучу жайга кирген. Бирок ага унаа жуучу жайдын ээси уруксат берген эмес. Мындан улам экөөнүн ортосунда уруш чыгып, унаа жуучу жайдын ээси бычак менен сайып салган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, ошол эле күнү кечинде кылмышка шектүү катары эки жаран кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
uran001
2014-11-08 16:50:06
Карасууда туугандар адам тоготпой калганго,жабыркаган бала эми акчасына кызыкпай мыйзам жолунда жазалатыш керекда.
+4
erlandyky
2014-11-08 16:57:32
Толук жазсанар жакшы болмок
+1
AzaNiga
2014-11-08 19:37:56
Тургунга вообще түшүнүксүз "жаранга "бы же ?
-1
Gaydana
2014-11-08 22:18:13
AzaNiga, тургун, жаран, жашоочу мааниси бирдей эле
+3
jarkyn_jakta_jasha
2014-11-09 10:53:34
туугандар дагы кооп жатат окшой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан