"Эң картаң чемпион" аталган 49 жаштагы Бернард Хопкинс орусиялык мушкерге утулуп, чемпиондугунан кол жууду

Орусиялык мушкер Сергей Ковалёв кечээ, 9-ноябрда легендарлуу америкалык мушкер Бернард Хопкинсти упай айырмачылыгында (120:107, 120:107, 120:106) утуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, беттеш 79,3 килограмм салмактык бөлүктө өтүп, жеңишке жетишкен С.Ковалёв 3 чемпиондук курдун ээси болуп калды. Буга чейин ал Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун версиясы боюнча чемпиондук наамын ээлеп келсе, эми ал Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) жана Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча жаңы чемпион аталды.

Кошумчалай кетсек, 49 жаштагы Бернард Хопкинс буга чейин эң картаң чемпион катары жаңы рекорд койгон. Анын эсебинде бул жетинчи жеңилүү болду. Андан тышкары 55 ирет жеңишке жетишкен жайы бар. Ал эми 31 жаштагы Ковалёв профессионалдык рингде 26 беттеш өткөрүп, бир ирет тең чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан