Тоң районундагы жол кырсыгында бир үй-бүлөдөн 5 адам каза тапты, арасында 4 жаштагы бала бар

Тоң районунда 7-ноябрь күнү катталган жол кырсыгында буга чейин айтылгандай 2 адам эмес, 5 адам каза тапты. Маалыматты 10-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилүү болгондой, Балыкчы-Бишкек жолунун 29-чакырымында Гольф жана Мерседес-500 автоунаасы кагылышып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Гольф автоунаасынын ээси, 1974-жылы туулган Орозбек Аманов, анын 1971-жылы туулган эжеси Рыскан Молдоева, 1962-жылы туулган эжеси Анаркүл Молдоева, кайненеси Үмүт Бейшебаева жана 4 жаштагы Даниэль Алмазбеков каза тапкан. Учурда жол кырсыгынын себептери боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
crishti_7
2014-11-10 11:19:49
кудай сактасын
0
edu.kg
2014-11-10 11:23:15
Ото кейиштуу болуптур...
+1
al-abu-kinesz
2014-11-10 11:47:17
Ото кайгылуу окуя болуп кетиптир, туугандарына сабыр берсин эми...
+1
Kairatmyn
2014-11-10 14:11:25
Алла таала куноолорун кечирип бейишинен жай бере кор омиин. Жаткан жерлери жайлуу топурактары торко болсун пендечилик дубаа кылалы.
+3
tolkun85
2014-11-10 14:20:23
окунучтуу,ыймандары саламат болсун!!!
0
Гулжигит
2014-11-10 15:29:28
Бул жерде мерс куноолуу, анткени ал s 500 экен. Канча адамдын убалына калды акмак!
0
Beise
2014-11-10 21:14:37
Ото окунучтуу кайгылуу окуя болуптур туугандарына конул айтам айла жок....
0
Manasemetei
2014-11-11 04:18:58
Guljigit.s 500 bolso kunoluu bolup kalaby.oto oor okuia boluptur.kudai saktaa.ekoo ten sol rulduu ekenda bolboso azyr on rullduu bolgondo kunonun baaryn on rulga koiup koimok
0
Missulya
2014-11-11 14:27:41
Биринчи окуп кайра чыгып кеттим эле эми уктум менин женем турбайбы, бардык бир туугандары менен каза тааптыр жаткан жерлери жайлуу болсун байкуш балдарына аябай жаман болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан