Бишкек шаарында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталууда. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы атайын текшерүүнүн жүрүшүндө салык кызматкеринин былык иши ачыкка чыкканын билдирет. Маалыматка таянсак, 2014-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан чарбалык ишканалардын бири тийиштүү салыкты төгүүдөн бошотулуп, шаардык салык органы тийиштүү чечимди чыгарып берген. Муну менен мамлекетке 1 миллион 601 176 сом зыян келтирилгени айтылууда.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жататат.