Журналист Уланбек Дыйканбаевди унаа сүзүп, ал беш күндөн бери оор абалда жатат. Анын жубайы тергөөчү да, сүзгөн адам да кабар албаганын айтты

"Күйөөмдүн абалы оор, ал дале өзүнө толук келе албай жатат. Дарыгерлер анын баш сөөгү, далысы, акыреги сынганын айтышууда. Ооруканага түшкөнүнө 5 күн болду, бирок тергөөчү да, сүзүп кеткен адам да келип кабар алган жок",- дейт 6-ноябрь күнү оор жаракат алып ооруканада жаткан КТРКнын журналисти Уланбек Дыйканбаевдин жубайы Анара Мамбеталиева

Бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталына жабырлануучунун жубайы билдиргендей, окуя 6-ноябрь күнү кечки саат 21:30 чамасында Тоголок-Молдо - Пржевальский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 

"Күйөөм "жумуштан чыккам, үйгө жеткени калдым, азыр кирем" деп чалган. Андан кийин эле телефону өчүп калды. Көп өтпөй сыртка чуркап чыксам, күйөөмдү “Тез жардам” алып кетип жатыптыр. Ал эми аны сүзгөн айдоочу 55-60 жаштар чамасындагы орус улутундагы киши болчу. Окуя болгон күнү ал ооруканада жүргөн, андан кийин көрө элекмин”,- дейт журналисттин жубайы Анара Мамбеталиева.

Маалым болгондой, учурда дарыгерлер Уланбек Дыйканбаевдин башына кан уюп калгандыгын айтышууда. Ошондой эле жабырлануучунун башына оор операция жасалуусу күтүлүп жатат.  

“Менин билишимче, Уланды сүзүп кеткен унаа айып пул төлөөчү жайга жайгаштырылган. Ал эми айдоочунун өзүнөн эч кандай кабар жок. Учурда күйөөмдүн дары-дармектеринин чыгымдарын анын кесиптештери алып берип жатат. Күйөөм эртерээк сакайып кетсе болду”,- дейт Мамбеталиева.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Arti
2014-11-10 12:45:39
Сакайып кетсин. Кырсыкпы же бироонун буюртмасыбы? Сак болгулачы деги. Аман-эсен айыпгып кетсин.
0
Aelit
2014-11-10 13:27:56
Сакайып кетсин!Жаратканыбыз озу шыпаасын берсин!!! Тиги сузгон айдоочу "Мелистердин"туугандары,тааныштары болсо,анда акыйкат жок!!!"Жолдошунуз машинаны озу сузгон"деп жыйынтык чыгарып берип коет.Эгер ошондой болсо, тан калыштын кажети жок, азыр ошолордун заманы!!!Кудайдан коркпогон "М"дер,бир гана акыретте жооп берет!!!
+1
tengara
2014-11-10 13:30:28
эртереек кылмышкер табылып оз жазасын алсын...
Уланбекке тез сакайып кетишин тилеп,жубайына сабырдуулук каалайм.
0
Akshumkar
2014-11-10 14:41:26
Сакайып айыгып кетсин эртерээк когултур экрандан кутобуз, орусту ороого салыш керек
+1
narjan
2014-11-10 14:55:48
Сакайып кетсин
+1
Aksy-13
2014-11-10 18:12:03
Озу да аялы да татынакай эмелер экен.Этерээк сакайып кетсин.
0
kg.sity93
2014-11-10 18:41:07
Сакайып кетсе экен.кудайым оз шыпаасын берсин..
0
ayaza
2014-11-10 21:52:58
Эртерээк сакайып кетсе экен(.
0
Zulya2
2014-11-11 00:26:38
Кудайым оз шыпаасын берсин. Эмнеге журналистер Тоголок Молдо кочолорундо кырсыка учурайт м Сыргак...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан