Ош шаарында 8-9-ноябрь күндөрү 2 өз жанын кыюу жана бир өз өмүрүнө кол салуу фактысы катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын Турсунбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочусу, 2001-жылы туулган А.К. үйүнүн тандырканасында болжол менен саат 17:30да өзүн өзү асып алган.
Ошондой эле Анар кичи шаарчасында 1966-жылы туулган жаран үйүндө асынып көз жумган.
Ал эми 9-ноябрда Амир-Темир шаарчасынын 1994-жылы туулган тургуну үйүндө даракка асынып алганда туугандары сактап калышты. Учурда өз жанын кыйган жарандардын бул кадамга баруу себептерин аныктоо үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперкызматкерлери, тергөөчүлөр иштеп жатышат.