Белгилүү англиялык футболчу Дэвид Бекхэмдин уулу, 15 жаштагы Бруклин лондондук “Арсенал” менен биринчи профессионалдык келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, эгер ал 1 жыл ичинде өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтө алса, клуб ага көп жылдык келишим сунуштайт. Буга чейин 15 жаштагы футболчуга “Челси” жана “Манчестер Юнайтед” да кызыгып келген.
Кошумчалай кетсек, Бруклин дагы атасы Дэвид сыяктуу эле өзүн модель катары сынап келген.