Бишкекте түркиялык атасы тарабынан уурдалган 10 айлык бала изделүүдө

Бишкекте түркиялык атасы тарабынан уурдалган 10 айлык бала изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой, 8-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине А.Ж. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Ал 

31 жаштагы Д.Озгон (Түркиянын жараны) аттуу жолдошуна карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, саат 19:00 чамасында эс алуучу жайлардын биринен анын күйөөсү 10 айлык Самир аттуу уулун кармап турууга алып, изин суутуп кеткен.

Биз Самирдин апасына кайрылганыбызда, телефонду анын апасы алып “Кызым учурда дары тамчылаткычта жатат. Анын абалы начар, неберем тууралуу ошол бойдон эч кандай маалымат жок” деди.

Белгилүү болгондой, А.Ж. менен Д.Озгон эки жылдан бери никеде турушат. Учурда бул иш боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.  

Кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү номерлерге байланышып, кабарласаңыз болот: (0 312) 54-41-84 же 102, 0556 10-23-52, 0552 88-28-35. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
seed
2014-11-10 17:08:38
Allah jardam berip tabylyp kalsyn oomiyin
0
kg.sity93
2014-11-10 18:25:39
Баласын эмнеге алып качып кетти экен?же ажырашып кетип бала талашып жатышкан окшойт эле э??
0
Bilalbil
2014-11-10 21:36:03
kg.sity93, Турк ишин бутуруп качты деп койот мындайды.
+1
Bilalbil
2014-11-10 18:44:41
Кыргызга тийгенинде мындай болмок эмес чала болуптур сага.
+3
shiko
2014-11-10 19:10:39
Bilalbil, табалабай тооба деш керек..
+2
pakiistanka
2014-11-10 23:52:11
Tabilip kalsin.amiiiin. ayali mn jashagisi kelbeyt go deym oshogo uurdap ketti da....
0
tilek88.88kg
2014-11-11 10:05:58
турктого тийген кыргыздын кыздары аягы ушуга окшогон окуялар мн бутот .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан