Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын тургуну, 1980-жылы туулган
Абдулазиз Абдуназаров аттуу жаран Сирия мамлекетинде каза тапкандыгы аныкталган. Бул тууралуу Кадамжай РИИБинин 10-бөлүмүнүн жетекчиси
Руслан Ормошов билдирди.
Анын айтымында, жогорудагы факты 2014-жылы 10 ай ичинде диний экстремизмдин алдын алуу жана терроризмге каршы күрөшүү иш-чарасынын алкагында белгилүү болгон. Маалыматты маркумдун бир тууган агасы Ибадулло Абдуназаров тастыктаган. Абдулазиз Абдуназаров 2013-жылы ноябрда Орусия Федерациясынын Казань шаарына иштегени алып бара жатканы боюнча маалымдаган.