Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде кыргызстандык жаранга ок атылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 11-ноябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-ноябрь күнү Кызыл-Кыя - Кадамжай транзиттик унаа жолунда кыргызстандык жарандарга тиешелүү эки жүк ташуучу унаа токтоп, контрабандалык жүктү түшүрүп жатышкан. Бул учурда өзбек чек арачылары келип, аларды кармоо учурунда ок чыгарышкан. Анын кесепетинен бир кыргыз жараны жабыркап, экинчиси кармалган. Азыркы тапта окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Айта кетсек, Кызыл-Кыя - Кадамжай унаа жолу Өзбекстандын аймагын кесип өткөн эки тараптуу транзиттик жол болуп эсептелет. Бул жолдон Кыргызстандын жарандарына токтоого болбойт.