Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 11-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылындагы үйлөрдүн биринде шифер менен жабылган 1400 чарчы метр сарайдын чатыры жана 10 миң түк чөп күйгөн. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда.
Ошондой эле Ноокат районундагы Ош-Ноокат унаа жолунун 20-чакырымында экскаватордун кабинасы күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталып жатат.