Токмок шаарында тоноо фактысына шектелгендер кармалды

Токмок шаарында тоноо фактысына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 45 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал Токмок шаарында белгисиз адамдар күч колдонуп жанындагы акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Адилет жана 27 жаштагы Жакшылык кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан