“Түркиянын жаранын тоногон” деген шек менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери кармалды

Бишкекте "Түркиянын жаранын тоногон" деген шек менен УКМКнын “Альфа” атайын даярдалган бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Александр Белунскас билдирди.

Маалым болгондой, 8-ноябрь күнү белгисиз адамдар Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирге кирип, түрк улутундагы жарандарды ур-токмокко алуу менен алардын 2 миң долларын жана алтын буюмдарын алып кетишкен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 5 адам кармалган, алардын бири УКМКнын К.Ж. аттуу кызматкери. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
myrza80
2014-11-11 15:57:48
Мына кызыктын баары андан коро чиновниктердин уйуно кирбейби 2000доллар учун жаман атты болбой,чемодан которуп чыкмак,чемодандын жарымын берсе соттон таза деп акталып чыгат.
+1
kalpakkg
2014-11-11 16:07:57
түрктөр өтө көөп кетишти туура кылышкан экен патриоотор экен да анда
0
mahabat.
2014-11-11 17:26:22
kalpakkg, акылынан сенин.акылы томондордон качан арылабыз эми
0
aigulai
2014-11-11 16:15:56
Кудай накта урду го. Эптеп ак уйдун чатырына жатып алып эч кимди аткан эмеспиз деп жатып Альфанын жигиттери соттон акталып чыгышты эле, эми бул жигит аталган куч тутумунун абройуна колоко тушуруп жатканын
0
Toguzbay
2014-11-11 16:51:28
УКМК менен ИИМдин "согушу" уланып атат го, кезектешип кармашып бири-бирин. Эми кайра бир милицияны кармашат чекисттерибиз :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан