Бишкекте унаа уурдоо фактысына шектелип 7 адамдан турган кылмыштуу топ кармалды

Бишкекте каракчылык менен алектенген 7 баладан турган топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Александр Белунскас билдирди.

Маалым болгондой, кылмышка шектелген топ 26-октябрь күнү саат 21:30 чамасында Энтузиасттар көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине кирип бычак менен коркутуп, үй ээсинин 2 сыналгысын, планшетин, ноутбугун, уюлдук аппараттарын жана БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 172-беренеси (мыйзамсыз автотранспорттук каражатты ээлөө) боюнча кылмыш иштери козголгон.   

“Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ош облусунун 22 жаштагы Р.Абсатар жана О.Эламан аттуу тургундары, Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы Б.Чолпонбай жана Ысык-Көл облусунун 18 жаштагы К.Бексултан, О.Канат, З.Рамисбек жана М.Кожомкул аттуу жарандары кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө топтун ичиндеги 2 баланын дагы башка кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган. 19-сентябрь күнү кылмышкерлер Туюк көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине кирип, Мерседес үлгүсүндөгү унааны, ал эми 15-октябрда Табалдиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен Мазда үлгүсүндөгү унааны уурдап кетишкен. Аталган унаалар түштүк аймагынан табылган. Уурдалган унааларды тетиктерге бөлүп сатууга даярданып жатышкан. Аларга карата кылмыш иштери козголуп, №1-СИЗОго камакка алынышты”,- дейт А.Белунскас. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maksat2016
2014-11-11 16:40:22
Ээ адамдар азыркы заманда акылдан адашып эле бара жатат акыры бул каракчылык жакшылыкка алып барбайтда
0
Odik11
2014-11-12 00:26:43
Кыргызстандагы GTA бандасы
-1
Ariet7
2014-11-14 03:21:59
Карачы баары жаш алдуу кучтуу немелер экен жашында мээнет кылбай,карыганда доолоттуу да болушпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан