Бишкекте КРнын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасы уланууда. 45тен ашуун мекеменин кызматкеринин катышуусундагы биринчиликте гиря көтөрүү спорту боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда КРнын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасындагы биринчиликте ИИМдин командасы 1-орунду ээледи. 2-орунду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ээлесе, байгелүү 3-орунду Мамлекеттик чек ара кызматы ээледи. Ал эми КРнын күч түзүмдөрүнө кирбеген мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасындагы биринчиликте Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жеңишке жетишсе, экинчиликти Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги багындырды. 3-орунду Жогорку Кеңештин командасы ээледи.
Кошумчалай кетсек, спартакиаданын программасында 12 спорт түрү бар (кол күрөш (армрестлинг), бильярд, волейбол, гиря спорту, дартс, кичи футбол, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, ок атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартыш).