Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 7 адам жабыркаган. Ошондой эле дагы эки адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-ноябрдан 12-ноябрга караган түнү болгон. Анда аталган унаа жолунун 80-чакырымында УАЗ 469 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, Тар дарыясына түшүп кеткен. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, унаада 9 жүргүнчү болгон, 7 адам жабыркаган. Учурда алардын абалдары жакшы. Ошондой эле 2 адам дайынсыз жоголгон.