Бишкек шаарында “чала тааныш кызды зордуктаган” деген шек менен пенсия курагындагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 10-ноябрь күнү Арча-Бешик конушунун 25 жаштагы О.Нурия аттуу тургуну кайрылган. Анда ал чала тааныш болгон Амир аттуу жаран күч колдонуу менен зордуктаганын айткан.
“Окуя 9-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Чыгыш-5 кичи районунда болгон. Амир аттуу жаран О.Нурияны күч колдонуу менен зордуктаган. Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Арча-Бешик конушунун 61 жаштагы тургуну Б.Амирбек аттуу жаран кармалды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган”,- дейт О.Казабаев.
Шектүүгө карата 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду, эгер анын күнөөсү далилденсе, ал 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.