Сокулук районунда жол тандабастын айдоочусу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 11-ноябрь күнү саат 07:30 чамасында Бишкек-Шалта унаа жолунда болгон. Анда Мицубиси Паджеро унаасынын 22 жаштагы айдоочусу Селекционное айылынын тургунун сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканада каза тапкан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.