Кара-Балтада тоноо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Жайыл районунун 41 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 9-ноябрь күнү Кара-Балта шаарынан белгисиз адам күч колдонуп, акча салынган сумкасын жана кол саатын тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.