Бишкекте өтүп жаткан мамлекеттик органдардын арасындагы спартакиадада дартс оюну боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Анда КРнын күч түзүмдөрүнө кирбеген мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жеңишке ээ болду. 2-орунду Каржы министрлигинин кызматкерлери багындырса, үчүнчүлүктү Экономика министрлиги энчиледи. Ал эми КРнын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алдыга озуп чыкты.
Кошумчалай кетсек, спартакиада 13-ноябрда жыйынтыкталат. Анда 12 спорт түрү бар (кол күрөш (армрестлинг), бильярд, волейбол, гиря спорту, дартс, кичи футбол, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, ок атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартыш).