Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолундагы жол кырсыгынан улам дайынсыз болуп жаткан эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-ноябрдан 12-ноябрга караган түнү болгон. Анда аталган унаа жолунун 80-чакырымында УАЗ 469 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Тар дарыясына түшүп кеткен. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, унаада 9 жүргүнчү болгон, 7 адам жабыркаган. Учурда алардын абалдары жакшы. Ал эми 48 жаштагы айым менен 8 жашар кыздын жансыз денеси кырсык болгон жерден 2 чакырым төмөн жактан табылган.