Орусиянын тергөө комитети Канттагы авиабазадан реактивдүү отунду уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, октябрь айында Кант шаарынан анча алыс эмес жерде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан оор жүк ташуучу унаа кармалган. Аны кароо учурунда 13 тонна авиациялык керосин болгон. Айрым маалыматтар боюнча, аталган авиациялык керосин Канттагы авиабазадан ташылып келе жаткан.