Кыргызстандык мушкерлер Азат Усеналиев менен Өмүрбек Малабеков украиналык “Украинские атаманы” клубу менен келишим түзүштү. Келишим 6 айга түзүлгөнүн SUPER.KG порталына улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов кабарлады.
Анын айтымында, мушкерлер Дүйнөлүк бокс сериясынын алдыдагы сезонуна катышуу үчүн январь айында жөнөп кетишет. Бул сезондо “Рио-де-Жанейро-2016” Жайкы Олимпиадасына түрдүү салмактык бөлүктө 17 жолдомо ойнотулат.