Катышуучулар: “Мамлекеттик органдардын спартакиадасы спортчулардын жумушка орношуусуна жакшы шарт түзөт”

Бишкекте 8-ноябрда КРнын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында спартакиада старт алган. Мамлекеттик органдарда спортту өнүктүрүүгө багытталган оюндар 13-ноябрда жыйынтыкталат. Катышуучулардын көбүнөн спорт жаатында сыйлык алып көрбөгөнүн байкоо мүмкүн болду. Себеп дегенде, сыйлоо аземи учурунда сыйлык тапшыруучу жайдан кеткенге камынгандарды, оюн учурунда тегеректеп турган элден сүрдөгөндөрдү көрүүгө болот эле. Бул эми анчалык мааниге ээ эмес. Анткени мамлекеттик мекемелерде спортту өнүктүрүүгө багытталган мелдеш жыл санап өнүксө, катышуучулардын жана жеңүүчүлөрдүн саны артып, атаандаштык жаңы деңгээлге чыкса, баары оңолот. Катышуучулар менен баарлашканыбызда, бул мелдеште жеңишке жетишүү оңойго турбаганын жана атаандаштык күч болгонун айтышты. Мелдеш тууралуу маалыматтарды жана катышуучулардын пикирлерин сунуштайбыз.

"СПАРТАКИАДА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУСУНА ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ"

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Нуржан Найзабекова волейбол боюнча мелдешке катышып, утулгандарына карабай команданын бул оюнга кызыгуусу артканын баса белгиледи.

- Спартакиадага биринчи ирет катышып жаткандыктан, мага абдан кызыктуу болду. Биз Мамлекеттик каттоо кызматынын атынан волейбол боюнча кыздардын курама командасын түздүк. Тилекке каршы, даярдыкка эки эле күн бөлө алдык. Мелдеште утулдук, бирок бул бизге шык берди. Анткени башка мамлекеттик органдардын командалары 1 ай, жарым жыл машыгыптыр. Аларды көрүп, кадимкидей суктанып турдук. Ошол себептен биз эми бир аптада эки ирет спортзалга барып, волейбол менен машыгып турууну чечтик. Негизи, бул стратегиялык жактан мыкты демилге. Анткени биринчи ирет мамлекеттик кызматкерлер арасында өткөрүлгөн бул мелдеш спортко жана ден соолукка көңүл буруу менен бирге ич ара кызматташууга жакшы өбөлгө түзөт. Биз ар кайсы кызматтарда, мекемелерде иштесек да, баарыбыз биригип бүтүндөй бир өкмөттү түзөбүз. Ошол себептен биригип, ынтымакташып, кызматташып, мамлекеттик саясатты биригүү менен ишке ашырсак, ийгиликке жетишебиз деп ишенем. Бир гана спортчулар эмес, ар бир жаран спортко көңүл буруп, аны өнүктүрүүгө умтулушу керек. 

 

“МЕЛДЕШТЕ КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ЖАШ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮНӨ МААНИ БЕРИЛБЕГЕНИ ЖАКШЫ БОЛДУ”

* Ал эми КРнын күч түзүмдөрүнө кирбеген мекемелердин кызматкерлеринин арасында 60 килограмм салмакта кол күрөш боюнча жеңишке Марат Кожоматов жетишти. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде иштеген Марат бул жакшы жөрөлгө экенин айтты.

- Жеңил атлетика жана башка саналуу гана спорт түрлөрүндө жаш өзгөчөлүктөргө маани берилип жатат. Бул мекемелердин жаштарды эле мелдешке жөнөтүп коюп, карылар катышпай койгонуна бөгөт болот. Ошондой эле мурун-кийин профессионал катары спорт менен машыккан кызматкерлер чемпиондук үчүн ат салышууда. Бул көрүнүш атаандаштыкты курчутуп, мелдештин деңгээлин көтөрүүдө. Мен ойлойм, бул мелдештин уюшулуусу спортчулардын мамлекеттик жумуштарга орношуусуна жакшы шарт түзөт. Анткени мекемелер бул мелдеште татыктуу оюн көрсөтүү үчүн спортчуларды катарларына чакырышат.

 

“БУЛ МЕЛДЕШТЕН КИЙИН ТЕННИС МЕНЕН ОЛУТТУУ ТҮРДӨ МАШЫГАЙЫН ДЕП ЧЕЧТИМ”

Спартакиадага биринчи жолу катышып жаткандар көп. Алардын катарын КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек департаментинин кызматкери Кулпунай Каримова толуктайт. Ал бул мелдешке биринчи жолу катышып жатканына жана стол үстүндө ойнолуучу теннис менен жакындан тааныш эмес экенине карабай жакшы оюн көрсөттү. Теннисчи кыз спартакиададан кийин стол тенниси менен олуттуу машыгып, кийинки жылы чемпион болууну көздөөдө.

- Мен мектеп курагында стол теннисин ойночумун. Бирок кийин колума ракетка алган эмесмин. Спартакиаданын алдында гана атайын ийримге жазылып, катышып калдым. Мелдеште атаандаштык күчтүү болду. Бул мелдеш мага аябай жакшы таасир калтырды. Мен эми теннис менен олуттуу машыгып, кийинки жылы жеңгенге аракет кылам. 

           “ТАНДОО ТУРУНДА ЭЛЕ АТААНДАШТЫК КҮЧТҮҮ БОЛДУ”

Өлкө аймагында бул мелдеш экинчи ирет гана уюшулуп жатат. Жыл сайын өтө турганы пландалган биринчиликке 45тен ашуун мекеменин 2000ге чукул кызматкери катышып, күч сынашып жатышат. Кол күрөш боюнча КРнын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында 60 килограмм салмакта жеңишке жетишкен Дүйшөнаалы уулу Нураалы төмөнкүлөрдү айтып берди:  

- Бул мелдешке чейин бизде Ички иштер министрлигинде тандоо туру өттү. Анда 1 салмакта 6-7 спортчу таймашып, жеңүүчүлөр бул мелдешке катышуу укугун алышты. Беттешке чейин ири спорттук мелдештердегидей эле салмак кууганга туура келди. Атаандаштык бир топ эле күчтүү болду.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан