Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 13-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Ноокат районунун Көк-Жар айыл округундагы үйлөрдүн биринде 2 кабаттуу сарайдын 120 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 100 түк чөп, 4 тонна саман күйүп кеткен. Өрт үй ээсинин 5 жаштагы баласынын от менен болгон шоктугунан улам чыккан.
Ошондой эле Лейлек районунун Катыраң айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринин жыгач устундуу, шифер жабылган 182 чарчы метр чатыры, үй эмеректери күйгөн. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда.