Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) расмий сайтында Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн “Жылдын кооз голу” наамына талапкер 10 голдун авторлорунун тизмесин жарыялады. Тизмеге 2013-жылдын 3-октябрынан 2014-жылдын 26-сентябрына чейинки аралыкта киргизилген голдор кирди.
Маалыматка ылайык, голдор 1-декабрга чейин аталган сайтта күйөрмандардын добушуна коюлмакчы. Натыйжада сыйлыкка талапкер 3 гол тандалат. Андан соң күйөрмандардын добушунун негизинде 2015-жылдын 12-январында сыйлык ээси аныкталат.
Тизме: Тим Кэхилл (Австралия), Диего Коста ("Атлетико" клубу), Марко Фабиан ("Крус Асуль" клубу), Златан Ибрагимович (ПСЖ клубу), Пайтим Касами ("Олимпиакос" клубу), Хамес Родригес (Колумбия), Камило Санвесса ("Ванкувер" клубу), Хисато Сато ("Санфречче" клубу), Робин ван Перси (Голландия), Стефания Рох ("Пимонт Юнайтед" клубу).
Кошумчалай кетсек, 2013-жылы бул сыйлыкты Англия курамасынын дарбазасына киргизген голу үчүн швециялык футболчу Златан Ибрагимович алган.