Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда пара алып жаткан жеринен аймактык экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспектор кармалды. Бул тууралуу Райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 10-ноябрында Миң-Чынар айыл өкмөтүнүн башчысынан 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Абдурайым Абдыкадыров аттуу инспектор колго түшүрүлгөн. Азыркы тапта жогорудагы факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.