Ош шаарынын мурдагы мэрин үйүндө сабап, колу-бутун таңып, ири өлчөмдөгү акча каражатын карактап кеткендер кармалды

Ош шаарынын мурдагы мэрин үйүндө сабап, колу-бутун таңып, ири өлчөмдөгү акча каражатын карактап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 9-март күнү саат 20:30 чамасында белгисиз адамдар Ош шаарындагы турак үйлөрдүн бирине кирип, үй ээсин жана аялын тапанча менен коркутуп, 215 миң сом, 26 600 доллар жана алтын буюмдарды алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 3 жаран кармалган. Алар 1979-жылы туулган Арзымат Жайлообаев, 1988-жылы туулган Асылбек Айдаров, 1979-жылы туулган Бактыбек Балтабаевдер болушкан. Учурда дагы эки адам изделүүдө.

Айрым маалыматтар боюнча, жабырлануучу 1995-1996-жылдары Ош шаарынын мэри болуп иштеген Муканбек Алыкулов болгон. Кылмышка шектүүлөр аны жана аялын сабап, буту-колун жип менен таңып салышкан. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Begimkyz
2014-11-13 15:56:18
Жакшы аман калышыптыр.
+2
beka88
2014-11-13 16:59:04
грабиешь да
-1
Aksy-13
2014-11-13 18:03:38
мурдагы мэр десе Мелис Мырзакматовду окшойт депмин
+2
killer-star
2014-11-13 20:41:26
Мен да Мелис деп ойлопмун.Кудай сактасын
+2
al-abu-kinesz
2014-11-13 21:04:59
Мен да Мырзакматовбу деп ойлопмун
+2
erlandyky
2014-11-13 21:30:25
Мэр десе Мелис Мырзакматовду билебиз
+2
kubasel
2014-11-13 22:07:28
ооба эле силерге! Мырзакматовду керек болсо президентти кайтаргандай карашат!
+1
aiba_00
2014-11-14 16:51:05
kubasel, Ал ХХХ ХХХ ХХХ презеденттей кайтармак эле. Кулкуну келтиресинер го.
-1
admin_portal
2014-11-14 16:55:31
aiba_00 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
0
bakaika
2014-11-14 00:52:11
Менда Мелис Мырзакматов деп сраз кириптирмин бул жака.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан