Кыргызстандык спортчу Артур Те Таиланддын Пхукет шаарында өтүп жаткан кумда ойнолуучу Азия оюндарында самбо спортунан күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчунун катышуусундагы финал 12-ноябрда орун алып, ал 68 килограмм салмакта кармаш өткөрдү. Чечүүчү кармашта ал монголиялык Тумуркуленг Даваадорго утулуп калды.
Кошумчалай кетсек, 9-ноябрда старт алган кумда ойнолуучу Азия оюндары 21-ноябрда жыйынтыкталат. Ага 33 мамлекеттин спортчулары бир катар спорт түрлөрү боюнча катышууда. Анын ичинде Кыргызстандын желеги астында 4 спорт түрү боюнча 12 спортчу кармаш жүргүзүүдө.