Мамлекеттик органдардын спартакиадасында Коргоо министрлиги жеңишке жетишти
Бүгүн, 13-ноябрда Мамлекеттик органдардын
спартакиадасынын жыйынтыктоочу күнүндө волейбол боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. КРнын
күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында Коргоо
министрлиги жеңишке жетишти. Ал эми башка мамлекеттик органдардын
кызматкерлеринин арасында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик
агенттиги упайлардын саны боюнча алдына ат салдырган жок. Бул тууралуу Дене тарбия
жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Интернеттен алынды