Бишкекте 8 айлык баласын көчөгө таштап кеткен айым кармалды

Бишкекте 8 айлык баласын көчөгө таштап кеткен айым кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда билдирди. 

Маалыматка караганда, ымыркайдын жансыз денеси 3-ноябрь күнү эртең менен Тоголок Молдо жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде баштыкка салынган абалында табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Сокулук районунун тургуну кармалган. Анын айтымында, баласы оорудан улам каза тапкан. Аны жерге берүүгө каражаты жок болгондуктан таштап кеткен. Ошондой эле кылмышка шектүүнүн 6 жаштагы кызы бар экени белгилүү болгон. Учурда ал кыз балдар үйүнө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kairatmyn
2014-11-14 14:13:18
Акыркы кундору ушундай жаман кабар жаман кобойду. Атып кетти, союп кетти, алдап кетти, зордуктап кетти, олтуруп кетти, орттоп кетти таштап кетти. Качан бир жакшы кабар окуйбуз. Э Алла биз кыргыздарга ыйман ынсап бере кор.
+4
Apsi
2014-11-14 14:15:33
бироого кор,бироого зар деген ушу да!
+1
bayana1987
2014-11-14 14:42:05
Кудай сакта... кандай мыкаачылар...
+1
Ulik82
2014-11-14 16:25:55
Бала жытына зар болгур!тилемчилеп болсада каратыш керек эле.
+2
Aksy-13
2014-11-14 20:44:24
Эмне бишкекте олукту жерге беруу ошончолук эле кымбат болду бекен.кочого таштаганча эптеп ыйлап-сыктап комдурбойсунбу акмак. 8 айлык болгончо кантип бактын экен. Акча каражаты жок болсо ачкадан эле олуп калды ал бала менимче.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан