Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан жарандын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди

Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан жарандын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кечээ, 13-ноябрь күнү кыргызстандык жаран Өзбекстандын аймагына контрабандалык жүк алып өтүүгө аракет кылган. Бул учурда өзбек чек арачылары ага карата ок чыгарышкан. Ок жеген жаран жараатынан улам ооруканада каза тапкан.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянсак, окуя аталган райондун Өзөк айылындагы такталбаган аймакта болгон. 

Бул апта ичиндеги экинчи инцидент. Буга чейин да 10-ноябрь күнү Кызыл-Кыя - Кадамжай транзиттик унаа жолунда кыргызстандык жарандарга өзбек чек арачылары ок чыгарышкан. Анын кесепетинен бир кыргыз жараны жабыркап, экинчиси кармалган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
beka88
2014-11-14 10:43:34
биздикилер жаап жашырганды эле билет, озбекстандан канча деген кишилер кирип атат неге аларды атыша албайт мен билгенден кунуно ондогон машина кирет кыргызтанга кантрабанда менен
0
Kanat8427
2014-11-14 14:10:26
beka88, Коркотда
0
mir..
2014-11-14 11:56:00
эмнеге биздин чондор ушуга окшогон нерсени карашпайт
0
Kairatmyn
2014-11-14 14:24:21
Азыр ушул маселе боюнча министирлике кайрылсан мындай дейт... Каза болгон Адам озу кунолу минеге ал жерге токтойт деп кайра кунону оодарып койот. Туура токтобош керек туура контрабанда ташыбаш керек бирок качанга чейин ушу чек аранын айынан биз кыргыздар жабыр тартабыз баардык нерсенин оз чеги болотат
канча Адам Олду бальким ал жер кыргыздардын жеридир кана анда биздин солдатар аай кайран Гана элбизда .
+1
talant87
2014-11-14 18:19:53
ХХХ ХХХ ал озбекстан кыргызтандын жеринде болгон мен чек арадагы аймакатагы жарандарга ХХХХ ХХХХ ХХХХ мен чындыкты айткам узбек салдатары кыргыз жерине отот
0
admin_superstan
2014-11-14 23:25:56
talant87, түшүнүксүз билдирүүлөргө, провокацияга тыюу салынган! Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
malik.87kg
2014-11-14 21:02:43
Биздин чек ара башчылары ХХХ мамлекеттин ХХХ бей гуноо адамдар олуп атат озбектерге суйлоой алышпайт кара курсагын ойлогон биздин ХХХ
0
admin_superstan
2014-11-14 23:26:33
malik.87kg, этика нормаларын сактаңыз! 10 саат БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан