Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын тургуну өзүн өзү өрттөөгө аракет кылып, анын кесепетинен үйү өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, өрттүн кесепетинен шифер менен жабылган сарайдын 20 чарчы метр чатыры, турак үйдүн 112 чарчы метр жыгач полу жана дубалдары, 3 диван, 4 палас жана кресло күйүп кеткен. Өзүн өзү өрттөөгө аракет кылган 66 жаштагы үй ээси эки бутунан күйүк алып, аймактык ооруканага жеткирилген.