Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, Тогуз-Торо районунда 30 тонна чөп күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 14-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айылында ачык аянтта 30 тонна жыйылган чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда. 

Ошондой эле Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө Портер үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Учурда унаанын ээси жана өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан