Ошто 5 жылдан бери бир канча кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ошто 5 жылдан бери бир канча кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран 1984-жылы туулган Тимур Насыров болгон. Ал 2009-жылы унаа базарлардын биринен баасы 4500 доллардык унааны алып, акчасын төлөбөй качып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө Ош шаардык соту тарабынан издөө жарыяланган. Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында изделип жаткан жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  

Ошондой эле кармалган жарандын мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Алсак, кылмышка шектүү 2009-жылдын ноябрь айында Ош шаарынын тургунун тапанча такап коркутуп, жанындагы 36 миң долларын алып кеткен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
EdikoKG
2014-11-14 10:59:41
Жакшы. Бергиле жазасын! Акылына келгидей кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан