18-21-ноябрь аралыгында Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда КРнын Башкы прокуратурасынын түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына карата бокс боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда КРнын Бокс федерациясынын вице-президенти
Коргонбай уулу Жусуп билдирди.
Анын айтымында, мелдешке 1999-2000-жылдары туулгандыгы тастыкталган спортчулар катыша алышат. Катышуу үчүн 7 облустун өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын курамалары чакырылган. Жалпысынан катышуучулар 15 салмактык бөлүктө күч сынашат. Катышуучулардын саны 130га жетери күтүлүүдө.