Бишкекте бейбаштыкка шектелген Түштүк Кореянын жараны кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектүү катары Түштүк Кореянын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, 13-ноябрда милиция кызматкерлерине 22 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал шаардагы кафелердин бирине келген кардар андагы даараткананын эшигин талкалап салганын айткан.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мейманканалардын бирине токтогон Түштүк Кореянын 23 жаштагы Жон Иль Дон аттуу жараны кармалды. Учурда бул иш боюнча 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан