Коргоо министрлигинин кызматкери 400 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, күч органдарына шаардагы жогорку окуу жайлардын биринин студенти кайрылган. Анда ал Коргоо министрлигинин Эл аралык аскер кызматташтык башкармалыгынын бөлүм башчысы жогорку окуу жайлардын биринин аскер кафедрасына өткөрүү үчүн 500 доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү 400 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.